Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

00:13 12.4.2021

Бишкекте "Эмгек", Ошто "Ата-Журт Кыргызстан" жеңди

23:23 11.4.2021

Укук коргоочу Рита Карасартова "Азаттыкка" сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаровдун риторикасы бөлүп-жарууга багытталганын айтты. Ал президент референдумдун жыйынтыгын күтпөстөн мыйзамдарды даярдап койгонун да кескин сынга алды.

23:19 11.4.2021

23:09 11.4.2021

Темирлан Султанбеков: Аскар Салымбеков "Эмгек" партиясында жок, шайлоого катышкан жок. Бирок шайлоо бүтө электе "биз Нариман Түлеевди мэр кылабыз" деп жатат. УКМК бул үчүн дароо камашы керек аны.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG