Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Саат онго карата 172 миң шайлоочу добуш берди


Оштогу добушканалардын бири
Оштогу добушканалардын бири

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматы боюнча 11-апрелде саат онго карата 172 миң шайлоочу добуш берди.

Шаардык кеңештерге 49 889 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 4,75% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 122 250 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 5,39 пайызына барабар болду.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү Ош шаарында байкалып, жалпы 151 671 шайлоочунун 11 976сы добуш бергенин кабарлады. Активдүүлүк Сүлүктү, Исфана шаарларында да байкалууда.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 5% жетти. Референдумга шайлоочулардын 30% добуш берсе өттү деп эсептелет.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (BCh)

XS
SM
MD
LG