Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Түркия: Кыргызстандын эгемендигине арналган көргөзмө ачылды


Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө.

Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маданият министри Кайрат Иманалиев көргөзмөнүн ачылышында.
Маданият министри Кайрат Иманалиев көргөзмөнүн ачылышында.

Көргөзмөгө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу окуялар, тарыхый жерлерин жана жаратылышын камтыган бул көргөзмө Түркиянын бардык шаарларында жыл ичинде улантылып көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин министр Кайрат Иманалиев Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту. ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы чогуу белгилей турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Түркияда Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Эстебес Турсуналиев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Казат Акматов сындуу улут сыймыктарынын мааракелерине арналган иш-чаралардын планы талкууланды.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн.

ТҮРКСОЙ өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ТҮРКСОЙ бирдей принциптерди жана максаттарды көздөгөн ЮНЕСКО жана ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт. (MZh)

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG