Өмүрбек Текебаев акталды | "Бүгүн Азаттыкта" | 13.04.21
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Мегаком» иши боюнча «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебавди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду толук актады. Сокулук районуна караштуу Орок айылында тогуз аял депутаттык мандат алат. Сөз болуп жаткан аймакта аялдардын квотасына байланыштуу чуу чыккан болчу. Украинага жакын аймактарга жана Крымга Орусия аскерлерин жайгаштырганы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда.