Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

16-апрелдин аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолорунда кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25 градус.

XS
SM
MD
LG