Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

ЖК комитети министр Бейшеналиевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштады


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жолдоду. Мындай чечимди аталган комитеттин 19-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбесин көрсөттү.

Мындан улам министрди жумуштан алуу сунушталып, аны жыйынга катышкан комитет мүчөлөрүнүн баары колдоду.

“Министр Бейшеналиевдин соңку билдирүүлөрү абдан опурталдуу. Ал адис катары илимий жактан далилдене элек ыкманы сунуштоо менен калкыбыздын саламаттыгын коркунучка кептеп жатканын түшүнүшү керек”,-деди Акаев.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.

XS
SM
MD
LG