Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Өзбек имамдары чет элдик сериалдарга тыюу салууну сунуш кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент шаарынын Юнусабад районундагы мечиттердин имамдар тобу Өзбекстандагы телеканалдардан «моралдык жактан жергиликтүү менталитетке туура келбеген» тасмаларды жана сериалдарды көрсөтүүнү токтотуу сунушу менен чыкты.

Бул тууралуу Ташкенттин Юнусабад районунун акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Имамдар райондун акими менен жолугушууда соңку мезгилде ажырашууларга сериалдар себеп болуп жатканы айтылып, мунун алдын алуу үчүн бийликке ушундай сунуш берилген.

Иш-чарага катышкандар никелешкендерге үч айлык окутуу курстарын өткөрүүгө даярдыгын айтып, үй-бүлө баалуулуктарын өз алдынча окуу предмети катары мектеп программасына киргизүүнү сунуш кылышкан.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча өткөн жылы ажырашкандардын көпчүлүгү баш калаага туура келет. Былтыр бир жылда Ташкентте 3 899 жубай ажырашкан.

Өзбестанда чет элдик сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салуу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. Диниятчылар түрк сериалдарына каршы пикирлерин айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG