Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Кыргызстанда кагаз таңкыстыгы жаралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлиги өлкөдөн сыртка кагаз чыгарууга убактылуу тыюу салган жатат. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрлик Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары өлкөлөргө регенерациялануучу кагаз менен картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыккан.

Министрликтин маалымат кызматы муну Кыргызстандын өзүндө кагаз таңкыстыгына жол бербөө менен түшүндүрдү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык 2020-жылы 1570,1 тонна даараткана кагазы өндүрүлгөн жана бул 2019-жылдагы караганда 49% га көп болгон, ал эми кагаз продукцияларын (коробкаларды, жашиктерди, сумкаларды) өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 19% га көбөйгөн.

Бирок кагаз продукцияларын өндүрүү көбөйгөнү менен макулатуранын импорту өскөн.

«Айрым кагаз чыгаруучу ишканалар чийки заттардын жетишсиздигинен өндүрүштүк кубаттуулугун 30-40% гана иштетүүдө. Чийки заттардын ички рыноктогу жетишсиздиги өндүрүштүн көлөмүн, жумуш орундарын кыскартып, салыкты кыскартууда”, - дейт Экономика жана финансы министрлиги.

Кыргызстандын аймагында кагаз чыгаруу өндүрүшү боюнча бир катар ишканалар иштейт, алар «Картон», «Алихан Компани», «Алтын-Ажыдаар», «Paper Company», «Ак-Кайың», «Эфес ЛТД», «ИФА», «Кош Тамчы» жана башка ишканалары. (МТа)

XS
SM
MD
LG