Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Акын Элмирбек Иманалиевдин ашы 22-апрелде өтөт


Элмирбек Иманалиев
Элмирбек Иманалиев

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көз өткөнүнө туура бир жыл болду. Бүгүн, 20-апрелде "Айтыш" коомдук фондундагы акын өзү тарбиялаган шакирттери жана замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып эскеришти.

“Айтыштын” төрагасы Асылбек Маратов “Азатыкка” акындын ашы 22-апрелде өтөрүн билдирди.

Иманалиевдин мүрзөсүнө барып куран окулган учур. 20-апрель, 2021-жыл.
Иманалиевдин мүрзөсүнө барып куран окулган учур. 20-апрель, 2021-жыл.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон. (MZh)

XS
SM
MD
LG