Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Дарыгерге кол салуунун чоо-жайы иликтене баштады


Иллюстрация.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировго кол салуу фактысын иликтей баштады. Иш сотко чейинки өндүрүшкө Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Бейбаштык") менен алынганы маалым болду.

Таиров 20-апрелде өзүнө кол салуу болгонун айтып, милицияга кайрылган. Ооруканага милиция кызматкерлери барып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Таиров иш учурунда өзүнө кол салуу болгонун социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу да жарыялады. Дарыгердин айтымында, кол көтөргөн жаран алгач бейтапты машинеден көрүүнү суранган.

Ал сыртка чыгып, бейтапты да, машинени да таппай иш ордуна келгенден кийин ал адам сөгүнүп, эшикти талкалап кирип келгенин, башына урганын айтууда. Жаңжал видео байкоого жазылып калган.

Экинчи тарап окуя тууралуу комментарий бере элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG