Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн акыркы сапарга узатылды. Маркум менен коштошуу зыйнаты Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейинде өтүп, ага белгилүү коомдук, маданий ишмерлер жана жакындары катышты.
Мария Айтматова Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март айылында 1942-жылы төрөлгөн. Кино тармагында билим алган Мария Чыңгыз Айтматовдун жаңы жазылган чыгармаларынын биринчи окурманы, айрым чыгармаларынын редактору болгон. Мария Айтматова жолдошу дүйнөдөн кайткандан кийин Чынгыз Айтматов фондунун төрайымы катары ишмердик жүргүзүп келген. Жазуучу экөөнүн ортосунда Элдар жана Ширин аттуу уул-кызы бар.
Айтматова 20-апрелде коронавирустан улам каза болгон. Сөөгү борбордогу “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. (MZh)