Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Ошто "Жасмин" бала бакчасындагы окуяны прокуратура карап чыгат


Бала бакчадагы бут кийимдер. Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.
Бала бакчадагы бут кийимдер. Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.

Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде наристе кыз сабалган фактыны прокуратура да карап чыгат. Бул тууралуу 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Депутат Айнура Осмонова ишти көзөмөлгө алууну сурады.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганын мурдараак Ички иштер министрлиги да билдирген. Медициналык экспертиза дайындалган. Чоо-жайы тууралуу кошмча маалымат бериле элек.

"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова кыздын апасына менен укуктук кеп-кеңеш берилип жатканын маалымдады.

Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген келин социалдык түйүндөгү баракчасында Оштогу «Жасмин» аттуу менчик бала бакчада 5 жаштагы кызы сабалганын жазган. Ал чүрпөсү түшкү тыныгууда уктабай койгондуктан тарбиячылар аны үкөл сайып коркутууга алганын, андан кийин сабап, чачтарын жулуп салганын маалымдап, сүрөттөрүн жарыялаган. Окуя 6-апрелде болгону айтылат.

Маалыматты активисттер-журналисттер бөлүшүп, бакчанын ээси чоң кызматта иштегендиктен жоопкерчиликтен качып кетип жатканын коңгуроо кагышкан. Алар укук коргоо органдарын окуяны калыс иликтөөгө чакырышкан. (ErN\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG