Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

COVID-19: Кыргызстанда 12 миңден ашуун адам вакцина алды


Кыргызстанда 21-апрелге карата 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен эмделди. Акыркы бир суткада бир жарым миңдей киши вакцина алды. Алардын 108ине эмдөөнүн экинчи дозасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.

Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы келери, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алуу пландалып жатканы айтылган.

COVAX эл аралык программасынын алкагында 423 миң ийне жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту 19-апрелде келди.

Кыргызстанда коронавирус жуккан кишилердин расмий саны 21-апрелге карата 92 626 адамга жетти. Алардын 87 390у айыгып, 1561 бейтап ажал тапты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG