Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

COVID-19: дагы төрт бейтап каза болду, оору 306 кишиге жукту


Кыргызстанда 21-апрелге карата дагы төрт бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 306 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 161и сакайды.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 626 адамга жетти. Алардын 87 390у айыгып, 1561 бейтап ажал тапты.

Акыркы суткада оору аныкталгандар:

-Бишкек шаарында - 203;

-Чүй облусунда - 52;

-Ысык-Көл облусунда - 16;

-Ош облусунда - 11;

-Жалал-Абад облусунда - 10;

-Ош шаарында - 5;

-Нарын облусунда - 4;

-Баткен облусунда - 4;

-Талас облусунда - 1.

Оору менен күрөшүү учурунда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус пандемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрда көз жумгандар катталбай калган.

Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, кышында илдетти жугузуп алгандар кыйла азайган. 2021-жылдын март айынан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. Адистер оорунун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин айтышкан.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. Расмий маалыматка ылайык, ушул күнгө чейин он миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү.

Жакында Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы келери, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алуу пландалып жатканы айтылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG