Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң кишини түздү


Ош шаарында тартылган сүрөт. Июнь, 2020-жыл.
Ош шаарында тартылган сүрөт. Июнь, 2020-жыл.

2021-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү. Мындай эсепти Улуттук статистика комитети 19-апрелде жарыялады.

Калктын үчтөн бири (34%) шаарларда, үчтөн экиси (66%) айыл жерлеринде жашашат.

Калктын 35% балдар жана өспүрүмдөр, 57% эмгекке жарактуу кишилер, 8% улгайгандар түзөт.

Өлкөдө 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргыздар - 4 миллион 896 миң (калктын 73,8%), өзбектер - 985 миң (14,9%), орустар - 341 миң (5,2%).

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкынын саны эл каттоодон кийин дагы да так болорун билдирди. Эл каттоо 2020-жылдын мартында башталмак, пандемиядан улам ишке ашпай калган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG