Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Президент электр энергиясындагы 700 КВт чектөөнү жоюуну жана тарифти өзгөртүүнү сунуштады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистерди чогултуп, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү «Фейсбуктагы» баракчасында жазып, анда сүйлөгөн сөзүн толук жарыялады.

Жапаров өз сөзүндө энергетика системасы терең кризисте экенин белгилеп, бул тармакта жүрүп жаткан иштер, реформалар жана тарифтер тууралуу сөз кылды. Ал жагдайды оңдоо үчүн кечиктирилгис чукул чараларды көрүү учур талабы экенине токтолду. Президент ырастагандай, кыргыз энергетикасынын карызы 129 миллиард сомго жетти.

Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте электрдин тарифин көтөрүү зарыл экенин, муну үчүн бир нече баскычтуу сунуш бар экенин ортого салды. Ал жарык пайдалануучуларды бир нече катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров учурдагы 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берген.

Мамлекет башчы «турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу» керек деди. Ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин ортого салды.

«Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз», - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун сөзүндө.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев март айында парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы тарифтик саясат каралып жатканын маалымдаган эле.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын.

Өлкөнү электр менен камсыздаган эң башкы – «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 21-апрелге 8,6 млрд. куб метрге чейин түштү.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG