Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Кочкордо келинди кыйнап өлтүргөн адам өмүр бою соттолду


Соттолгон жаран.
Соттолгон жаран.

Нарында Кочкор райондук соту 23 жаштагы келинди өлтүргөн эркекти өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салды. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өкүм 20-апрелде чыккан, беш күндөн соң күчүнө кирет.

Келиндин сөөгү ушул жылдын башында, 23-январда Тынай-Булак кыштоосунан табылган. Маркумдун таанышы, 25 жаштагы жигит кылмышка шек саналып кармалган эле.

Айрым маалымат булактары келин атка сүйрөтүлгөнүн жазышкан.

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Кыргызстанда жыл сайын бир канча аял зомбулуктун курмандыгы болот. (BsB)

Окуя болгон учурда жазылган макала

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG