Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар жана анда көз жумгандар көбөйүп жаткандыктын, мечиттерде жапырт намаз окууга, жума намазга, айт намазга чогулууга, орозо маалында ооз ачарга эл чогултууга жана давватка чыгууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды.
Мындай сунушту Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборуна жиберген. Аталган борбордун адистери сунуш мутфиятга жолдонгонун 23-апрелде билдиришти.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев муну "Азаттыкка" тастыктап, маселе каралып жатканын айтты.
"Мечиттерде орозо башталгандан бери эле ооз ачар уюштурулган жок. Мусулмандар дин башкармалыгы ага көзөмөл жүргүзүүдө. Ал эми кафе-ресторандардагы ооз ачарларга тыюу салуу, же көзөмөл жүргүзүү биздин ыйгарым укукка кирбейт",-деди Атабаев.
Санэпидкөзөмөл борбору той, жыйын сыяктуу эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салуу, же чектөө киргизүү маселеси Коронавируска каршы республикалык штабдын чечимине жараша чечилерин маалымдады.
Кыргызстанда соңку күндөрү COVID-19 вирусун жуктургандардын күнүмдүк көрсөткүчү 200-300дүн айланасында болууда. Ооругандардын жана каза болгондордун көбү Бишкекте.
Баш калаада 15 мектеп толук, калгандары жарым-жартылай онлайн окутуп жатат.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду (23-апрелдеги маалымат).