Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Министр: Аконит менен дарылоодон баш тартпайбыз, президент бүгүн маалымат берет


Президент Садыр Жапаровдун дарыгерлер менен жолугушуусу, 15-апрель 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун дарыгерлер менен жолугушуусу, 15-апрель 2021-жыл.

Кыргызстан уу коргошунду дары катары колдонуудан баш тартпайт. Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

“Аконит менен дарылоодон баш тартпайбыз. Башка менен дарылоодон баш тартпайбыз. Башка өлкөлөрдө, Бельгияда, Францияда жана Орусиянын көп облустарында миң жылдардан бери аконит колдонулуп келген. Биздин Кыргызстанда да кылымдардан бери аконит колдонулган. Бүгүн саат 14тө президент өзү аконит боюнча интервью берет”.

“Азаттык” радиосу министрдин президент боюнча айтканына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун басма сөз кызматына кайрылып, азырынча жооп ала элек.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык уюму уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин айтууда.

Президент Жапаровдун уу коргошун тууралуу социалдык түйүндөргө жазганы кийин өчүрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG