Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Отунбаеванын фонду: Жакиевдин көзү өтсө да чыгармалары баалуу мурас катары жашай берет


Бексултан Жакиев.
Бексултан Жакиев.

Бексултан Жакиевдин көзү өтсө да “Атанын тагдыры” пьесасы баш болгон ондогон чыгармалары, публицистикалык макалалары, ой-толгоолору кыргыз адабияты менен маданиятынын казынасын толтуруп, кылымдан кылымга баалуу мурас катары жашай берери айныгыс чындык. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун атынан жарыяланган көңүл айтуу катында (некролог) белгиленди.

Некрологдо “Фонд кыргыз маданиятынын патриархы, даңазалуу инсан Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт” деп айтылды.

Ошону менен катар анда “Бексултан агабыздын улуу “Манас”эпосун жайылтуудагы, даңазалоодогу калемгер катары да, мекенчил инсан катары да сиңирген эмгеги ат көтөргүс экени баарыбызга белгилүү. Биздин фонд демилгелеген инновациялык багыттагы “Сүрөттүү Манас” китебинин текстин даярдап берүү сунушубуздан ал баш тартпай кабыл алып, бул улуу эпостун кыскартылган вариантын машакаттуу чоң эмгек менен жазып берди. Кыска-нуска сөздөр тууралуу китеп боюнча талбай көп иштеп, калем акысын алуунун ордуна “Мен “Манастын” китебин жаратууда акча алып байыбай эле койдум, ар бир кыргыз Манасты таанып, туу тутса, менин акым ошол!” деп айтканыңыз эсибизде. “Сүрөттүү Манас” сиз менен фонддун тыгыз кызматташып, биргеликте чыгарган мыкты китеби болду” деп жазылды.

Фонд “Бексултан агай бүгүнкү көйгөйү көп опурталдуу заманда интеллигенциянын үнү угулбай калганына абдан зээни кейип, намыстанып жүрдү. Ден соолугунан улам көп маселелерге өз убагында нускалуу кебин айта албай калганына жаны жанчылды. Ушундайда ага окшогон кыраакы, калыс инсандарыбыздын үнү абдан маанилүү эле. Ал акыркы жылдары коомдогу жүрөк өйүгөн көйгөйлөргө өзүнүн оюн, пикирин үзбөй айтып, кайсы маселе болбосун, позициясын ачык билдиргенге үлгүрдү. Бексултан агайдын өзү өлсө да сөзү өлбөйт. Сиз миңдеген окурмандарыңыздын жүрөгүндө түбөлүккө кала бересиз!” деп белгиледи.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган Бексултан Жакиев 25-апрелде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун өөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондун Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жетектейт. (RK)

XS
SM
MD
LG