Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Чехия: министр президенттин сөзүн төгүндөдү


Чехия. Врбетице кыштагындагы аскердик кампаны жардыруу окуясы. 2014-жыл.
Чехия. Врбетице кыштагындагы аскердик кампаны жардыруу окуясы. 2014-жыл.

Чехиянын ички иштер министри Ян Гамачек президент Милош Земандын “тергөө органдары Врбетицедеги жардыруу боюнча эки версияны изилдеп жатканы” тууралуу айтканын төгүндөдү.

Министр Ян Гамачек дүйшөмбүдө ырастагандай, Чехиянын укук коргоо органдары азыркы учурда бир гана версияны – бул жардырууга Орусиянын чалгын кызматынын тыңчыларынын тиешесин иликтеп жатат.

Чехиянын президенти Земан 25-апрелдеги телекайрылуусунда “2014-жылы аскердик кампада болгон жардырууга орусиялык чалгын кызматынын тиешеси бар дегенге далилдер болбогонун” билдирген. Анын айтымында, экинчи версия – ал окуя жардыруучу затты туура эмес колдонуудан улам болгон.

Чехиянын башкы прокурору Павел Земан да Врбетицедеги жардырууга Орусиянын аскердик чалгын кызматынын дарегине карата шектенүүлөр гана болуп жатканын кабарлаган.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жардырууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын тиешеси бар деген билдирүүсү себеп болду. Мындан соң чех өкмөтү 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарган. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардан Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылган. Кремлдин бул талабы чехтердин Москвадагы элчилигинин ишин үзгүлтүккө учуратканы үчүн Прага жаңы талаптарды койгон.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG