Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында эки бала сабалганы тууралуу маалымат жалган экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Интернетте тарап жаткан “кыргызстандык чек арачылар тажикстандык окуучуларды сабады” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Мекеме буга байланыштуу 28-апрелде билдирүү таратып, мындай маалымат чыккандан кийин эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү телефондон сүйлөшкөнүн, тажик тарап окуучулары кармалган же сабалган окуя болбогонун расмий түрдө билдиргенин маалымдады.

Чек арачылар окуучулар тууралуу маалымат фейк экенин белгилешти.

Тажикстандын Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрү Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганын билдиргенин «Азаттыктын» тажик кызматы 27-апрелде жазып чыккан. Маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап, уруп-согуп суракка алышканы айтылган.

Буга чейин Лейлек районунда 19-21 жаштагы кыргызстандык жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелде кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG