Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

COVID-19: Бишкекте келерки жумада кошумча стационарлар ачылат


Бишкекте коронавируска каршы эмделип жаткандар
Бишкекте коронавируска каршы эмделип жаткандар

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 27-апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

"Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык", - деди Новиков.

Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

Коронавируска каршы күрөш штабынан 27-апрелдеги маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш бейтап каза болду. Вирус акыркы бир суткада 247 ​кишиден аныкталды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 94 277 адам жугузуп алды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG