Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Суваналиев: Тажикстан “Головнойду” чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылган


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Тажикстан кыргыз-тажик чек ара аймагында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылган. Бул тууралуу 29-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Суваналиевдин айтымында, кыргыз тарап ага макул болгон эмес:

““Головнойдун” башкаруусу башынан эле бизде болуп келген. Ортодогу келишим боюнча апрель-май айларында сууну толугу менен Тажикстанга беребиз. Алар ушул эки айда “Головнойго” чогуу көзөмөл кыларын айтып жатышат. Буга биз макул болгон эмеспиз. Анткени “Головной” Баткен районунун балансында турат. Суу бөлүштүрө турган жер башынан эле бизге карайт”.

Суваналиев бул аймакта мурдагы чырдын бардыгы жер же суу талаштан чыкса, бул жолу видео камералар үчүн болгонун кошумчалады.

28-апрелде суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан. 29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө азыр ооруканада жатат. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG