Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Баткен: Эвакуация болгон 400дөй адам төрт мектепке жайгаштырылды


Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.
Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде чыр чыккан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 400дөй адам Баткен шаарындагы төрт мектепке караштуу имараттарга убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук администрациянын басма сөз кызматынын өкүлү Чолпон Бердикулова билдирди.

Анын айтымында, кечээ эвакуация болгондор негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Бердикулова азырынча баары жетиштүү экенин айтты:

“Жергиликтүү бийлик, жарандык коргонуу органдары тамак-аш жана башка менен камсыздоо боюнча иштеп жатабыз. Аларга медицина кызматкерлери да коюлган. Мектептердин спорт залына, жыйындар залына, гимназия мектептеринин жатаканаларына жайгаштырылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен төшөнчү жана башкасы берилди".

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз тараптан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажик тараптан бүгүн жабыркагандар барбы же жокпу, расмий айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG