Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Дүйшөнбек Чоткараевдин камактагы мөөнөтү узарды


Дүйшөнбек Чоткараев.
Дүйшөнбек Чоткараев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевдин бөгөт чарасын 19-мартта карап, камактагы мөөнөтүн 26-майга чейин узартканы бүгүн, 29-апрелде белгилүү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Чоткараев Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") менен шек саналып былтыр ноябрда кармалган. Анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилигине, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Чоткараев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып ушул учурда камакта жаткан атайын кызматтын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген.

Абдил Сегизбаев былтыр Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, кылмыш иштеринин козголушун өзүнө карата саясий кысым катары баалаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG