Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Чек ара кызматы Баткендеги соңку кырдаал боюнча маалымат берди


Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.
Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 16:30да Баткендеги соңку кырдаал боюнча маалымат таратып, абал курчуганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “тажик тарап атайылап чатак чыгарып, кырдаалды курчутууну улантып жатат”.

Кыргыз тарап “Жараат жана ар кандай травма алган жай тургундар үчүн бардык жоопкерчилик чек арадагы абалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгуудан качып жаткан Тажикстандын Чек ара аскерлеринде” деп белгилеп, тажик тарапты чырды тынчтык жолу менен жана эл аралык укук нормаларынын, эки тараптуу макулдашуулардын негизинде чечүүгө чакырды.

Ошону менен катар Кыргызстан «Головной» суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашканын жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси экенин белгиледи.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп билдирди.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG