Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Жогорку Кеңеш чек арадагы окуяны жабык карап жатат


Kyrgyzstan - Bishkek - Jogorku Kenesh - Parlament 22 Nov 2018
Kyrgyzstan - Bishkek - Jogorku Kenesh - Parlament 22 Nov 2018

Бүгүн 29-апрелде Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяны жабык карап жатат. Бул тууралуу парламент депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыкка” ырастады.

Айрым бир маалыматтарга караганда, анда президент Садыр Жапаровду парламентке чакыруу сунушталды, ошондой эле өкмөт башчы Улукбек Мариповду кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты.

Окуяга байланыштуу бүгүн, 29-апрелде Бишкекте активисттер митинг өткөрдү. Алар УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев элдин алдына чыгып кылдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышты.

Атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин бүгүн, түштөн кийин УКМКдан билдиришти.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди. (MiK)

XS
SM
MD
LG