Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Чек ара чыры чыккан жерде жол буулду


Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 29-апрели.
Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 29-апрели.

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан аймакта жергиликтүү тургундар эки жерде жолду бууп турушат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында тургундар Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы (Согд облусунун Исфара району) менен байланыштыруучу жолду жабышты.

Ага чейин тажик тургундары Кыргызстандын Ош – Баткен – Исфана жолун Баткен районунун Көк-Таш айылынын ичиндеги Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунан буушкан.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде чыккан кагылыш токтой элек.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG