Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

УКМК: Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эмес. Бул тууралуу 29-апрелде "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.

УКМК жетекчиси кайсы өлкөгө кеткени так айтылган жок.

Ташиев ден соолугуна байланыштуу быйыл кышында да чет жакта дарыланып келген. 12-февралда ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Чек ара кызматы УКМКга өткөн.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган жаңжал токтой элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG