Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылууда


Көк-Таш айылы. 2021-жылдын 29-апрели.
Көк-Таш айылы. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилгенин "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдирди. Ал ок тынымсыз атылып жатканын саат 14:10дө маалымдады.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (JsA)

XS
SM
MD
LG