Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Бир катар бажычылар сөгүш алды, бирөө кызматынан бошоду


Мамлекеттик бажы кызматындагы ички иликтөөнүн негизинде 32 кызматкер эмгек тартибин бузганы аныкталган. Ага ылайык, айрымдарына эскертүү берилип, бир кызматкер иштен бошотулган. 13 кызматкерге сөгүш жарыяланган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Бажы кызматынын электрондук порталына тармактагы мыйзам бузуулар тууралуу 120 жаран кайрылган.

"Азаттык" радиосу медиа өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар, ага аралашкан адамдар тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жарыялаган.

2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы "өтө коррупцияланышкан мекеме" деп табылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG