Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

УКМК: Баткендеги кырдаалды Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев көзөмөлдөөдө


Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 29-апрели.
Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу 29-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты. Уларбек Шаршеев кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары козгогон куралдуу чыр-чатакты басуу боюнча чара көрүп жатат”.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. 29-апрелде атышуу уланды.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG