Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Чек ара: Бишкектеги митингде бийликке бир канча талап айтылды


Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. 29.04.2021
Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. 29.04.2021

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган ондогон активисттер президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгып кырдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, бийликке бир канча талап коюлду:

-Баткен районунун (Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек) жана Лейлек районунун (Максат, Арка, Бешкент) Тажикстан менен чектеш аймактарында чек ара кызматы күчөтүлсүн.

-Элдин бейпил жана тынчтык жашоосу камсыздалсын.

-Кыргыз өкмөтү жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салсын.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз ок атылып жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн толугу бойдон четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG