Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Ташиев Германиядан Кыргызстанга чукул кайтканын билдирди


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга кетип, Баткендеги окуяга байланыштуу кайра Кыргызстанга кайтканын билдирди. 29-апрелде ал “Фейсбуктагы” баракчасына “28-апрелде ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, ооруканага жетпей кайттым, буюрса түнү менен жетип барам” деп жазды.

Бир аз мурдараак УКМКнын басма сөз кызматы Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткенин кабарлаган. Ал кайсы өлкөгө кеткени так айтылган эмес.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп билдирди.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG