Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Токон Мамытов: Чек араны бүт жаап, сүйлөшүүнү нөлдөн баштоо зарыл


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы, күч түзүмдөрү боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткенде кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн чек араны жабуу зарыл деп эсептейт. Мындай пикирин ал 29-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде айтты:

“Жайылып, чоң жаңжалга айланып кетпеш үчүн кыргыз өкмөтү чечим кабыл алып, чек араны жабышы керек. Бүт жаап, күчөтүлгөн режимге өтүп, нөлгө келтирип, “Силерге да жок, бизге да жок. Эл кыйналып жатат” деп отуруп, сүйлөшүү туура. Парламент чогулуп, ушул маселени президент менен карап, чечкиндүү кадамга барышы керек”.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда.

Токон Мамытов 2009-жылы жана 2013-жылы Чек ара кызматын жетектеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG