Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Баткен: "Төрткүл" чек ара тозотунун имараты күйүп жатат


Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Кара тилкесинде жайгашкан "Төрткүл” чек ара тозотунун имараты күйүп жатат, ал жерде эки өлкөнүн аскерлеринин атышуусу уланууда. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Суваналиев кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жана күчү жетиштүү экенин билдирди.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан жалпысынан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG