Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Ош: Активисттер чек арада жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта башташты


Баткендеги Көк-Таш айылы.
Баткендеги Көк-Таш айылы.

Ош шаарында активисттер Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылындагы жаңжалдан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогулта башташты. Бул тууралуу «Азаттыкка» активисттердин бири Улан Канат уулу маалымдады.

Баткенде «Эл аралык толеранттуулук үчүн» аттуу коомдук фонду чек ара чырынан жабыр тарткандарга самын, балдарга жалаяк, жеке гигиенага керектүү каражаттарды, суу жана азык-түлүк чогултууда.

«Элсом» тиркемесинде атайын эсеп ачылды. Номуру 0558080557.

Баткенде чыр чыккан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 400дөй адам Баткен шаарындагы төрт мектепке караштуу имараттарга убактылуу жайгаштырылды.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз тараптан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажик тараптан бүгүн жабыркагандар барбы же жокпу, расмий айтыла элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG