Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Европарламент Орусияга санкцияларды күчөтөрүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европарламент Орусиянын армиясы Украинага кирсе, Москвага санкцияларды күчөтөрүн билдирди.

Эл аралык банк системасындагы SWIFT төлөмдөрүн өчүрүп, Орусиядан мунай менен газ алып кирүүгө эмбарго коюп, Евробиримдикке кирген өлкөлөргө орусиялык олигархтар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн киргизүүгө чектөө коюлат.

Бул сунушка байланыштуу резолюцияны 29-апрелде Европарламент бекитти. Евробиримдик Орусияга карата саясатын Алексей Навальныйдын камалышына, Украинага орус аскер күчтөрүнүн кирүүсүнө, Чехияда 2014-жылы жарылган ок-дары заводуна жакында эле Орусиянын тиешеси бар деген айыптоолорго байланыштуу күчөттү.

Европарламенттин депутаттары "Түндүк-агым 2" газ куурун салууну дароо токтотуу зарыл деп, Навальныйды куугунтуктоого катышы бар тараптарга жана Евробиримдиктеги орус дипломаттарына Чехияга тилектештик максатында чектөө киргизүүдө.

Европарламенттин Орусияга салына турган санкциялары тууралуу документти 569 депутат колдоп, 67си каршы чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG