Кыргызстандан 13 киши, Тажикстандан 12 жаран каза тапты | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 30.04.21
Кыргыз-тажик чек арасында абал оор бойдон. Ондогон үйлөр, дүкөндөр, имараттар, чек ара бекеттери өрттөлдү. Кыргызстандан 13 киши, Тажикстандан 12 жаран каза тапканы айтылууда. Качкындардын саны 25 миңден ашты. Чыгымдын көлөмү эсептелип жатат. Ооруканаларда жүздөн ашуун адам, аскер кызматкерлери дарыланууда. //"Бүгүн Азаттыкта". 30.04.21.//