Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Кызыл-Белде тынбай уланган атышуу токтоду


Баткен району, Кызы-Бел айылы.
Баткен району, Кызы-Бел айылы.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында 30-апрелде саат 17лер чамасында кыргыз жана тажик аскерлеринин атышуусу катталды.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары жергиликтүү тургундарга таянып маалымдагандай, атышуу 15 мүнөттөй тынбай уланган.

Азыр айылда атышуу токтоп, абал тынч экени кабарланды.

Кызыл-Бел айылы Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыкта, Тажикстан менен чектеш тилкеде жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда жалаң эркектер гана калган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

30-апрелге оогон түнү Баткен облусунун башчысы Суваналиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен биргелешкен документке кол коюп, кагылышты токтотууну, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүүнү макулдашкан.

Кызыл-Белде түшкө жуук да атышуу болгон. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG