Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Көк-Таштагы жаңжалдан кийинки көрүнүш

Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 29-апрелде эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытыла баштаганын кабарлаган. Учурда айылда жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы салган сүрөттөр.

Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү жүрүп жатканын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 1-майда саат 16да кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тарапты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектөөдө.

​
XS
SM
MD
LG