Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери ок атууну токтотуу келишими кабыл алынганын жарыялашты


Кыргызстан жана Тажикстандын чек арадагы ок атууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди мурдагы жерлерине кайтаруу боюнча келишимге жеткенин кезектеги жолу жарыялады.

Бул тууралуу Баткендеги жолугушуудан соң эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жарыялаганы жөнүндө кабарланды. Ташиевге жакын журналисттердин бири Өткүрбек Рахманов жарыялаган видеотасмада эки өлкөнүн УКМК жетекчилери журналисттер алдында сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Анда Камчыбек Ташиев Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын бүгүнкү жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын билдирди. Ага ылайык, ок атууну токтотуу жана аскерлердик толугу менен мурдагы жерлерине кайтаруу макулдашылган.

“Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген протокол кабыл алдык. Учурда биздин эл абдан татаал учурду башынан өткөрүп жатат. Эки өлкөгө тең трагедия болду. Ушундай учурда бизге жолугуп, иштеш кыйын болду. Ошентсе да, биз президенттердин тапшырмасы менен жолугуп, жолугушуу өткөрдүк. Анын жыйынтыгында бардык ок атууну токтотуу жана чек арага жакын бардык аскер жана аскер түзүмдөрүн мурдагы жерлерине алып барууну макулдаштык. Мындан сырткары бүгүнтөн тарта биздин жана урматтуу коңшуларыбыздын аракети менен өлкөлөрүбүздө тынчтык өкүм сүрөт деп ишенем”, - деди Ташиев.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов Баткендеги жолугушууну жемиштүү деп атады.

“Чек аралаш аймактарда орун алган трагедия эч качан кайталанбашы керек. Анткени, бул тилкеде биздин элдер узак тарыхый мөөнөттө жашап келишкен. Алар достук мамиледе жана бири-бирине дооматы жок. Биз саясатчылар элдерибиз достук жана ынтымакта жашаш үчүн бардык шартты түзүшүбүз керек. Биз жолугушууда кыргыз жана тажик жергесинде тынчтык жана туруктуулуктук камсыз кылуу үчүн принципиалдуу макулдашууга келдик”,- деп билдирди.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери кабыл алынган келишимде эмне шартттар бар экенин ачыкка чыгарган жок.

XS
SM
MD
LG