Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

УКМК: Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу, Лейлекке кетчү жол ачылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын 1-майдын саат 18:15теги маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы абал жалпысынан салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Мекеме билдиргендей, Ош-Исфана автожолунун Баткендин Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогу аркылуу өтүүчү тилкеси ачылды.

Ошондой эле тараптардын чек ара тилкесине жакын тартылган күчтөрүн жана каражаттарын кайрадан туруктуу ордуна алып кетүү үчүн ошол аймактарды чогуу карап чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жака-Өрүк учаcтогу кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Ал аркылуу жүргүнчүлөр Баткен районунан Лейлекке катташат.

Тажикстан тарап ал жердеги жолду толук тосуп койгонун, чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалып жатканын УКМК саат 11:30да кабарлаган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG