Мындай кадам Европа Биримдигинин жакында Орусияга киргизген санкцияларына жооп болду. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай кадамды “легитимсиз чектөөлөр” деп атаган.
Москванын "кара тизмесине" Франциянын ПАСЕдеги делегациясынын мүчөсү, орус оппозиционери Алексей Навальныйдын иши боюнча баяндамачы болгон Жак Мэр, Берлин прокуратурасынын башчысы Йорк Раупах, Европарламенттин төрагасы Давид Мария Сассоли, Швециянын Коргонуу изилдөө институтунун химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук лабораториясынын башчысы Оса Скотт, Еврокомиссиянын баалуулуктар жана айкындуулук маселеси боюнча төрага орун басары Вера Юрова, Латвиянын Электрондук ЖМКлар боюнча кеңешинин төрагасы Иварс Аболиньш, Латвиянын мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Ильмар Томуск киргизилди. Бул адамдар эми Орусиянын аймагына кире алышпайт.
Европа Биримдиги бул санкцияларды айыптады. Уюм тараткан билдирүүдө "Орусия мындай жол менен конфронтация жолун тандаганы" айтылат.