Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Иран: Министр Зариф талкуу жараткан маеги үчүн кечирим сурады


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф өткөн аптада тарап кеткен маеги үчүн кечирим сурады. Ал маекте министр Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун тандалма аскер бөлүгүнүн кол башчысы, маркум генерал Касем Сулейманини сындаган эле. Зариф 2-майда «Инстаграммдагы» баракчасына жайгаштырган билдирүүсүндө Сулейманинин үй-бүлөсү жана Ирандын эли талкуу жараткан маеги үчүн кечирет деген үмүттө экенин айтты.

Өткөн аптада Лондондогу перс тилдүү Iran International каналы жарыялаган Зарифтин аудио маеги Иранда эки айдан кийин өтчү президенттик шайлоонун алдында жаңжалга негиз болду.

Анда Ирандын башкы дипломаты Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн мурдагы кол башчысы, маркум Касем Сулейманинин тышкы саясатка кийлигишүүсү тууралуу айтып берген. Ошондой эле Сулеймани Орусия менен сүйлөшүп алып 2015-жылдагы Өзөктүк келишимди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганы жөнүндө сөз болгон. Бул маек Ирандагы консервативдүү саясатчылардын жана маалымат каражаттарынын нааразылыгын жаратты.

Президент Хасан Роухани аудио кандайча жарыяланып кеткенин аныктоону Чалгын кызматына тапшырган. Ал аны тараткандар өлкө ичинде жик салууну көздөйт деп атаган. Ал эми Иран прокуратурасы иликтөө баштады.

Генерал Сулеймани былтыр январда Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган. Ушундан улам Иран менен АКШнын ансыз начар мамилеси туңгуюкка кептелген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG