Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Орусия: Эки жылда Донбасстагы 527 миңдей адам орус жарандыгын алды


Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы 527 миңден ашык адам акыркы эки жылда Орусиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги мамлекеттик ТАСС агенттигине 2-майда билдирди.

2019-жылы орус президенти Владимир Путин Донбасстагы орусиячыл жикчилдер ээлеп турган аймактагыларга жарандык алуунун жол-жобосун жеңилдеткен. Андан бери 650 миңден ашык адам орус жарандыгын алганы кабарланган. Кремлдин Украинанын чыгышындагы адамдарга жарандык берүү саясатын эл аралык коомчулук сынга алып келет.

Расмий Киев гибриддик согуштун алкагында Донбасстагы адамдарга орус жарандыгын берүүнү айыптап, аймактык бүтүндүгүнө шек келтирерин ырастоодо.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан бери куралдуу чатак уланып келет. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган соң Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары орусиячыл жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13 200дөй адам каза болду.

Көптөгөн айныксыз далилдерге карабастан Орусия жикчилдерге жардам бергенин четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG