Чек арадагы коогада беш жаштагы бала каза болду | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 03.05.21
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан курман болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетти. Ал эми Тажикстан тараптан 16 адам каза тапканы айтылууда. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына каршы кылмыш ишин козгоп, чек арадагы окуяны «агрессия» деп баалады. Ооган бийлиги "Талибан" кыймылы менен соңку эки күн ичиндеги кагылышууларда 100дөн ашуун талиб жок кылынганын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 20, 2023
Кечки радио эфир | 20.09.2023 | Кыргызстанда нан кескин кымбаттады
-
Сентябрь 10, 2023
Кечки радио эфир | 10.09.2023 | Кайра шайлоо: добуш бергендер аз болду