6-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Баткен дубанында түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,
Бийик тоолордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градуска чейин жогорулайт.
Facebook шеринеси