Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бельгияда соттолгон ирандык дипломат доо арызынан баш тартты


Ирандык дипломат Ассадулла Ассади.
Ирандык дипломат Ассадулла Ассади.

Террорчулукка шек саналып, Бельгияда соттолгон ирандык дипломат Ассадулла Ассади апелляциялык арызынан баш тартты. Натыйжада ал 20 жылдык абак жазасын өтөй турган болду. Бул маалыматты 5-майда анын адвокаттары ырасташты.

Ассади Франциядагы Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун 2018-жылдын 30-июндагы курултайында "жардыруу жасамак" деген шек менен Германиянын Ашаффенбург шаарында кармалып, кийинчерээк Бельгияга өткөрүлүп берилген.

Ассади ага чейин Венадагы Иран элчилигинде иштеп келген. Ал ушул жылдын 4-февралында "террорчул чабуул уюштурууга аракет кылды" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен кошо дагы үч айыпталуучу абакка кесилген. Ассади мындай өкүмгө макул болбой доо арыз жазган.

Муну менен Ассади Ирандагы 1979-жылы орун алган ислам революциясынан бери Европада террорчулукка шек саналып, түрмөгө кесилген биринчи ирандык расмий кызматкер болуп калды.

Айыптоочу тараптын адвокаты Жорж-Анри Ботье 5-майда билдиргендей, Бельгия өкмөтү Ассадини Иранда камакта жаткан Батыш өлкөлөрүнүн жарандарына алмашпайт.

Ирандын өкмөтү Ассади дипломатиялык иммунитетке ээ экенин билдирип, анын жоопко тартылышын кескин түрдө айыптаган. Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун айыптоолорун четке каккан. Бул уюмга Ирандын өзүндө тыюу салынган.

Бирок Германиянын Бамберг шаарынын аймактык соту Ассади кол тийбестик укугунан пайдалана албай турганын, себеби ал кармалган учурда Иран менен Австрияда кызматтык сапарда жүрбөгөнүн маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG